Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Дүйнөдө коронавирустан кеминде 7 миң медкызматкер каза болгон

04.09.2020 15:48
984
Дүйнөдө коронавирустан кеминде 7 миң медкызматкер каза болгон

Amnesty International эл аралык уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирустан кеминде 7 миң медицина кызматкери каза болгонун билдирди.

Уюмдун белгилешинче, вирус менен күрөшүп жаткандар бардык зарыл коргоо каражаттары менен камсыз болушу керек.

«Саламаттык сактоо тармагынын ар бир кызматкеринин коопсуздукка укугу бар. Мексика, Бразилия жана АКШ сыяктуу өлкөлөрдө медиктер дале болсо көп өлүп жатат. Вирустун Түштүк Африкада жана Индияда тездик менен жайылып жатышы — бардык өлкөлөр тиешелүү чараларды көрүшү керектигин көрсөтүүдө», — деди уюмдун өкүлү Стив Кокберн.

Пандемия маалында Мексикада 1 320 медицина кызматкери каза болду. Өлкөдө вирус жуктургандар 610 миң кишиден ашып, дээрлик 66 миң бейтап көз жумду. Мексика бийлигинин маалыматына караганда, учурда өлкөдө 97 632 медик коронавирус жуктуруп алган.

Amnesty International уюмунун маалыматына ылайык, АКШда 1077, Улуу Британияда 649, Бразилияда 634, Орусияда 631, Индияда 573, Түштүк Африкада 240 жана Иранда 164 медик коронавирустан каза болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн