Бугу 07, 2024
Убакыт: 23:19
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Дүйнөдө коронавирустан сакайгандар 1 миллиондон ашты

01.05.2020 08:36
980
Дүйнөдө коронавирустан сакайгандар 1 миллиондон ашты


Дүйнөдө коронавирус илдетинен айыккандар 1 014 524 адамга жетти. Бул тууралуу окумуштуулар иштеп чыккан онлайн картада жарыяланды.

 

Илдеттен айыккандар АКШда тездик менен өсүүдө, ал жакта бир күндө 30 миңден ашык адам инфекцияны жеңди. Бүгүнкү күндө вирусту жеңгендер АКШда 153 947, Испанияда 132 929 бейтап, Германияда 123 500, Кытайда 78 523, Италияда 75 945, Иранда 75 103, Францияда 50 380, Түркияда 48 886, Бразилияда 35 935 адам инфекцияны жеңди.


Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан. Учурда дартка чалдыккандардын саны 3 256 570 адамга жетти.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн