Бугу 08, 2024
Убакыт: 07:23
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Дүйнөдө коронавирустун айынан ар бир алтынчы адам жумушсуз калат

29.05.2020 09:46
1073
Дүйнөдө коронавирустун айынан ар бир алтынчы адам жумушсуз калат


Дүйнөдө алдынкы эки-үч ай аралыгында ар бир алтынчы адам коронавирустан улам жумушсуз калат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Boston Consulting Groupтун (BCG) изилдөөсүнө караганда 2020-жылы 2 миллиардга жакын адам жумушсуз калуу же болбосо жарым жартылай иштеши мүмкүн.


COVID-19дан улам пайда болгон эмгек жаатындагы чоң өзгөрүүлөрдү баалоо кыйынга турат. BCGнин анализи боюнча 2020-жылы 1,9 миллиарддан ашык адам жумушун жоготуп же болбосо жарым жартылай иштеп калат. Жакынкы эки-үч айдын ичинде дүйнөдө ар бир алтынчы адам жумушсуз калып, иши жоктор 17 пайыздан ашат”, - деп жазылат изилдөөдө.


Алардын билдиришинче, эмгек базарындагы кризис тармактарга жараша чоң айырмачылыктарга ээ болуп, жоготуга карантинге туш болгон мекемелер эмес, башка тармактар жабыркашы ыктымал. BCGнин анализине тянсак, 80 пайыздан ашык убактылуу жумуштан четтетилгендер соода сатыкта эмес, мейманкана жана ресторан бизнестеринде, курулуш жана туризм тармагында орун алат.


“Биздин изилдөөбүзгө ылайык дүйнөдөгү жумушсуздук 2020-жылдын соңунда кайрадан тең салмактуу ордуна келет деп ойлойбуз. Бирок пандемия учурунда узак мөөнөттөгү структуралык өзгөрүүлөрдү алып келип, иштин аралыктан жана жеңил түрүнөн баштап автоматтык түрдө тездетилгенге чейин жетти. Бул өзгөрүүлөр алдынкы он жылга чейин 1,5 миллиард жумуш орундарды жок кылат. Мындан улам 2030-жылы жумуш орундардын 12 пайызы жок болуп кетүү коркунучунда турат жана иш орундарынын 30 пайыз жумушчулардан жаңы жөндөмдү талап кылат”, - деп BCGнин адистери божомолдошкон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн