Бугу 09, 2024
Убакыт: 18:33
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Дүйнөдө спорттук оюндар токтотулуп жатса, Кытайда баскетбол чемпиондугу башталып жатат

12.03.2020 18:23
1335
Дүйнөдө спорттук оюндар токтотулуп жатса,  Кытайда баскетбол чемпиондугу башталып жатат


Кытайдын баскетбол боюнча чемпиондугу 2-апрелде башталат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, турнирдин жетекчилери америкадагы оюнчуларына мелдешке даярдануу үчүн Кытайга кайтып келгиле деп расмий каттарды жиберген. 


АКШнын кыркка жакын баскетболчусу командаларынын көрсөтмөсү менен январь айынын башында өз өлкөсүнө убактылуу кайткан болчу. Коронавирус өлкөдө басаңдаганына байланыштуу турнирди жандандыруу пландалган.


Оюнчуларга Кытайга кайтып келгенден кийин 14 күндүк карантинге жатары айтылган. Ал эми, спортчулар кайра мекенине кайтуудан жана ал жакта да карантинге жатуудан кооптонууда.


Спортчулардын менеджерлери АКШнын  спорттук ESPN телеканалына берген маегинде Кытай баскетбол лигасы кайтып келбеген оюнчулардын баары, бул лигада өмүр бою ойной албай турганын, менеджерлеринин лицензияларын 2-3 жылга токтоторун эскертишкенин айткан.


Учурда баскетбол боюнча эң беделдүү мелдеш деп саналган Улуттук баскетбол ассоциациясы (НБА) “Юта Джаздын” оюнчусу Руди Гобер коронавирус илдетине чалдыккандан кийин оюндарын токтотту.


Ошондой эле Эл аралык баскетбол лигасы (ФИБА) Евролига менен Еврокубоктун жакынкы аралыктагы оюндарын токтоткон болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн