Бугу 03, 2024
Убакыт: 18:45
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Дүйнөдөгү эң кары аял каза болду

25.04.2022 15:13
1394
Дүйнөдөгү эң кары аял каза болду



Дүйнөдөгү эң кары аял япониялык Канэ Танака 120 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.


Маалыматка ылайык, Канэ Танака 1903-жылы төрөлгөн. Ал 19 жашында турмушка чыгып, 4 балалуу болгон жана бешинчисин багып алган.

Канэ эки дүйнөлүк согушту башынан өткөргөн. Ал Япониянын 5 императорунун доорунда жашаган.


2019-жылы дүйнөдөгү эң кары аял катары дүйнөлүк рекорддор китебине киргизилген.


Канэ Танака 119 туулган күнүн белгилеп, өзү арзуу кылгандай 120 жашында 19-апрелде көз жумду.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн