Бугу 15, 2024
Убакыт: 10:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Дүйнөдөгү эң кымбат компания белгилүү болду

31.10.2021 10:18
1135
Дүйнөдөгү эң кымбат компания белгилүү болду


Американын Microsoft корпорациясы 2,46 триллион доллар капитализациясы менен Apple компаниясынан озуп дүйнөдөгү эң кымбат компания аталды. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Нью-Йорк биржа фондунун маалыматтарына таянып жазды.

Билдирмеге караганда, Apple компаниясынын капитализациясы 2,41 триллион долларды түзөт. Компаниянын акциясынын наркы 2021-жылдын III кварталынын отчетунун фонунда 4 пайызга түшүп кеткен. Microsoft корпорациясынын акциялары, тескерисинче, өскөн.

III кварталда Microsoft менен катар Google компаниясы да жакшы пайда көргөнү айтылды.

Белгилей кетсек, Apple дүйнөдө эң кымбат бренд болуп саналат. Аталган компания тогуз жылдан бери тизмеде алдыңкы сапты эч кимге бербей келген. Анын баасы 2020-жылы 26 пайызга же 408 миллиард долларга чейин өскөн. Экинчи орунда Amazon бренди калса, үчүнчүдө Microsoft корпорациясы болчу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн