Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Физиев ИИМдин Академиясына келип, курсанттар менен жолукту

12.02.2021 15:50
541
Физиев  ИИМдин Академиясына келип, курсанттар  менен жолукту



2021-жылдын 12-январында UFCде жеңил салмакта мушташкан кыргызстандык мушкер, "Атаман" каймана аты бар Рафаэль Физиев ИИМдин генерал-майору Э.Алиев атындагы  Академиясына келди.  Мушкер  өзү окуган окуу жайдын мугалимдери, машыктыруучулары менен жолугуп, курсант кездеги кызыктуу окуяларды эскерип, андан тышкары спорттогу жетишкендиктери жана алдыдагы пландары менен бөлүштү. Бул тууралуу ИИМ Академиясынан билдиришти.


Андан соң Р. Физиев ИИМдин Академиясынын спорт залдары менен таанышып, кызматкерлер жана курсанттар менен эстеликке сүрөткө түштү. Жолугушуу ИИМдин Академиясынын Дене тарбия кафедрасы тарабынан уюштурулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн