Бугу 14, 2024
Убакыт: 16:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

«Дүйнөлүк Эмират» кайрымдуулук уюмунун жардамы менен Баткенге таза суу өткөрүүчү түтүк орнотулууда

07.06.2023 16:18
545
«Дүйнөлүк Эмират» кайрымдуулук уюмунун жардамы менен Баткенге таза суу өткөрүүчү түтүк орнотулууда


Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгына узундугу 10 чакырымга жеткен таза суу өткөрүүчү түтүк орнотулууда. Анын жыйынтыгында жергиликтүү калк 24 саат бою ичүүчү таза суу менен камсыз болот. 

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, курулушка “Дүйнөлүк Эмират” кайрымдуулук уюму көмөк көрсөтүүдө. Долбоордун сметалык баасы 75 миң АКШ долларын түзөт.

План боюнча курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын сентябрында толугу менен аяктайт. 

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, ошондой эле долбоордун алкагында 1000 куб метрлик суу кампасын куруу да каралууда. Бул максаттарга Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетинен 3 млн сом бөлүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн