Бугу 14, 2024
Убакыт: 19:12
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Дүйнөлүк банк аймактарды өнүктүрүүгө 63 млн доллар бөлөт

10.03.2020 10:05
1147
Дүйнөлүк банк аймактарды өнүктүрүүгө 63 млн доллар бөлөт


Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Ош облусундагы жана Ош шаарындагы «Региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоору боюнча КР Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк Банк) ортосундагы эки тараптуу финансылык макулдашуу долбоорун жактырды.


Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев курамы 5 кошундудан турган эки тараптуу келишим Ош облусун өнүктүрүүгө багытталганын, анын алкагында аймактык өнүгүүгө 5,5 млн доллар, айыл чарбасына 25,5 млн доллар, Ош шаарынын инфратүзүмүнө 22 млн доллар, чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө 3 млн доллар, долбоордун өзүнө 4 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөрүн билдирди.


Депутат Рада Туманбаева бул долбоор үстүртөн эле даярдалып калганын, 5 компоненттин ичиндеги чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү маселеси туура коюлганын белгилеп, өкмөт өкүлдөрүн насыя каражатын өз багытында жана сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн