Президент Сооронбай Жээнбеков «Болормаа Амгаабазарды Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосунда үзүрлүү кызматташууну орнотууга кошкон зор салымы үчүн Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар КР Ардак грамотасы менен сыйланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн