Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:16
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Дүйнөлүк чемпионаттан байгелүү орун алган спортчулар сыйланды

13.11.2020 15:16
789
Дүйнөлүк чемпионаттан байгелүү орун алган спортчулар сыйланды

Дүйнөлүк чемпионатта кыргыз спортчулары бир топ ийгиликтерди алып келди. Кыргыздын байрагын желбиреткен спортчуларды тиешелүү органдар куттуктады. Бүгүн 13-ноябрда Жалал-Абад шаарынын кире беришинен күжүрмөн самбо боюнча дүйнөлүк биринчиликте байгелүү орундарды багындырган спортчулар Нурисбек Бекбердиев жана Медербек Сапарбек уулун тосуп алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сыргабаев Абсаттар Токтогулович, Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Сыдыков Нурбек Абдыкалыкович жана спортчулардын кесиптештери, машыктыруучулары, жакын туугандары катышышты. Спортчуларга жана машыктыруучуларына ак калпак, чепкен кийгизилип, кыргыздын желегин алдыдагы дагы дүйнөлүк биринчиликтерде желбиретүү тилектери айтылды.

КРнын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы ротасынын милиционери Нурисбек Бекбердиев 82 кг салмакта, ал эми Жалал-Абад ОИИБдин «Динамо» спорт клубунун тарбиялануучусу Медербек Сапарбек уулу 62 кг салмакта Сербия мамлекетинде өткөн күжүрмөн самбо мелдешинде 3-орунду багындырышкан. Алар бул ийгиликке талыкпаган эмгектин, машыктыруучулардын, демөөрчүлөрдүн, жетекчиликтин жана эмгек жамааттын колдоосу менен жетишкендиктерин белгилешти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн