Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:37
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча мелдештин финалисттери аныкталды

11.09.2024 13:42
474
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча мелдештин финалисттери аныкталды


Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча мелдештин финалисттери аныкталды.


Медалдар үчүн жалпысынан 9 команда ат салышты.


Кыргыз курама командасы мелдешти 1/4 финалдык баскычтан баштап, Монголия менен беттешип, 16:0 эсебинде жеңишке жетти. Жарым финалда кыргызстандыктар Түркияны 15:1 эсебинде жеңип, финалга чыкты.


Экинчи финалист 1/8 финалдык баскычтан баштаган Казакстан курамасы болду. Турнирдин кожоюндары алгач Өзбекстанды 16:0 эсебинде жеңип, чейрек финалда 12:4 эсебинде АКШдан күчтүү болгон.


11-сентябрда жарым финалда Казакстандын курама командасы Орусия менен беттешип, 18:2 эсебинде жеңишке жеткен.


Кыргызстан менен Казакстандын курама командаларынын финалдык оюну 12-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө башталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн