Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 07:16
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Дүйнөлүк күрөш уюму: Акжол Махмудов шоу жаратты

02.08.2021 12:32
1424
Дүйнөлүк күрөш уюму: Акжол Махмудов шоу жаратты


Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбаны Акжол Махмудов бүгүн, 2-август күнү килем үстүнө чыкты.


Кыргыз балбаны алгачкы жүрүшүндө эле тунистик балбанды 11:0 эсебинде татыктуу түрдө жеңип, чейрек финалга чыккан. Акжол Махмудовдун тунистик балбанды эки ирет көтөрүп чапканын Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) мыкты деп баалады.


"Бүгүн Акжол Махмудов "Токио-2020" Олимпиадасында шоу жасады", - деп жазып, Махмудовдун жасаган ыкмасынын кыска видеосун жүктөдү UWW уюму.

 

Булак: "Супер.кг"

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Сарымсаков Таджибек
Толук кошулам. Акжол азаматсын алтыным!!! Алтын медаль менен кайтышына тилектешмин!!!