Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Дүйнөлүк оюндар — 2022 турниринде кыргызстандык спортчу коло байге утту

17.07.2022 14:59
1033
Дүйнөлүк оюндар — 2022 турниринде кыргызстандык спортчу коло байге утту


Дүйнөлүк оюндар — 2022 турниринде кыргызстандык Икбол Фозилжанов коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.


Аталган мелдеш 7-17-июль күндөрү АКШнын Алабама штатынын Бирмингем шаарында өткөн.


Фозилжонов кикбоксинг боюнча 63,5 салмак категориясында беттешип, 3-орунду ээлеген.


Дүйнөлүк оюндар — Олимпиада оюндарынын программасына кирбеген спорттун түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдеш. 1981-жылдан бери төрт жылда бир өтүп келет.

Мындан сырткары, паражиу-житсучулар арасында өткөн биринчи демонстративдүү иш-чарага Кыргызстандан Азат Бакиров катышканы белгиленди.

Буга чейин ушул эле турнирден Абдурахман Муртазалиев спорттун жиу-житсу түрүнөн 85 килограмм салмак чен бирдигинде кармашып экинчи орунду алган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн