Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга 100 кычкылтек концентраторун берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 59 миң долларды түзөт.
"Кычкылтек концентраторлору респиратордук жугуштуу ооруларды дарылоодо чоң мааниге ээ. Концентраторлор канында кычкылтектин деңгээли нормадан төмөн түшүп кеткен COVID-19 илдети менен ооруган оор абалдагы бейтаптарды таза, жогорку сапаттагы жана тиешелүү концентрациядагы кычкылтек менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Аталган каражаттар кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча COVID-19 илдетине каршы иш-аракеттерди колдоо максатында берилди. Саламаттык сактоо министрлиги кычкылтек концентраторлорун өлкөдөгү ооруканаларга бөлүштүрүүнү пландаштырууда", - деп билдирет министрлик.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип: "Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүп келет. Биз буга чейин гуманитардык жардамдын бир нече партиясын алганбыз. Биздин жарандардын ден соолугун коргоо үчүн биргелешкен жана жемиштүү иш-аракеттерибиз ийгиликтүү улана берет деп ишенебиз", - деди.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга жеке коргонуучу каражаттарды, ПЧР-тест үчүн топтомдорду, лабораториялык чыгымдык материалдарды берге
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн