Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга жеке коргонуу каражаттарын тапшырды

17.07.2020 09:02
1071
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга жеке коргонуу каражаттарын тапшырды


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 илдетине каршы аракеттенүү боюнча чаралардын алкагында кечээ, 16-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигине жеке коргонуу каражаттарын тапшырды.


Республикалык штабдан маалымдашкандай, жеке коргонуу каражаттарынын партиясы 46 200 бет коргоочу калканычты, 14 600 коргоочу көз айнекти, 57000 халатты, 150 000 KN95 сериясындагы респиратордук бет капты өзүнө камтыйт. Гуманитардык жардамдын жалпы наркы 508,078.24 АКШ долларын түзөт.

Саламаттык сактоо министрлиги жеке коргонуу каражаттарын өлкөдөгү жыйырмадан ашык ооруканага бөлүштүрүүнү пландаштырууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн