Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Дүйнөнүн биринчи теннисчиси Жоковичтен коронавирус аныкталды

23.06.2020 19:26
1164
Дүйнөнүн биринчи теннисчиси Жоковичтен коронавирус аныкталды


Дүйнөнүн учурдагы номур биринчи ракеткасы Новак Жокович коронавируска чалдыкканын билдирди. Бул тууралуу спортчу өзүнүн сайтына жарыялады.


Ал илдетти өзү уюштурган Хорватиядагы көргөзмө турнирде жуктуруп алган.


Новак Белградка кайтып келгенде дароо үй-бүлөсү менен бирге коронавируска тест тапшырган. Анын жыйынтыгынан оң көрсөткүч чыкканын жана оору белгиси жок өтүп жатканын айткан.


“Биз Белградка келер менен эле коронавируска тест тапшырдык. Менин анализимден оң көрсөткүч чыкты, Еленадан (Новактын аялы – ред.) ушундай эле жыйынтык чыкты. Балдарда оору жок экен”, - деген теннисчи.


Маалыматка таянсак, Adria Tour турниринде COVID-19 инфекциясы катталган. Мелдештин катышуучусу Григор Димитров коронавируска оң тест тапшыргандан кийин, иш-чара уюштуруучулар тарабынан токтотулган. Кийинчерээк инфекция хорватиялык Борна Чорич, сербиялык Виктор Троицкден жана анын боюнда бар жубайынан, ошондой эле бир нече машыктыруучудан аныкталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн