Дүйнөнүн эң бай адамы Tesla'нын директору Илон Маск Twitter'дин акциясын толугу менен сатып алуу ниетин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.
Маалыматка ылайык, Илон Маск 43 миллиард доллар болгон Twitter'ге толугу менен ээ болууну каалайт. Ал Твиттер өзгөртүүлөргө муктаж деп эсептейт.
Ал эми Twitter'дин директорлор кеңешинин төрагасы Параг Агравал Масктын билдирүүсүнө байланыштуу маселе компанияда каралган эмес экендигин белгилейт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн