Дүйнөнүн атактуу "Реал Мадрид", "Челси", "Манчестер Юнайтед" сыяктуу дөө-шаа клубдарын машыктырган Жозе Моуриньо өзбек улуттук кийимин кийип өзбекстандык футболчу Элдор Шомуродовду күтүп алды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары кабарлады.
Белгилүү болгондой, Өзбекстандын футбол делегациясы "Рома" клубунда ойногон Шомуродовдон кабар алуу үчүн барганда клубдун башкы машыктыруучусу Жозе Моуриньо делегацияны өзбек кейпинде тосуп алган. Ал башына өзбек топусун, үстүнө өзбек чапанын кийген.
Өзбекстандан барган делегация ага бычак жана улуттук буюмдарды белек кылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн