Бугу 10, 2024
Убакыт: 21:18
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Дүйнөнүн үч жолку чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова беттештен кийин билдирүү жасады

22.09.2023 14:54
570
Дүйнөнүн үч жолку чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова беттештен кийин билдирүү жасады


Дүйнөнүн үч жолку чемпиону болгон кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова беттештен кийин билдирүү жасап, жалпы кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирди.

"Азыр ичимде эмоциялар кайнап турган учуру! Мага ишенгендердин баарына рахмат! Бул жолу дагы оор болду, бирок сиздердин чексиз колдооңуздар мага ар дайым алдыга умтулууга күч берип келет. Жеңиш биздин жалпы жетишкендигибиз жана аны сиздер менен бөлүшө алганыма сыймыктанам.

Айпери жана Мээримге эртерээк жакшы болуп кетишин каалайм! Силер мыктысыңар.

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча курама командага ийгилик каалайм!", - деп Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде алтын медаль тагынып, үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн