Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 2-мартындагы чечими менен мурда камакка алынган "Бишкек ЭЭАнын" мурдагы жетекчиси Дүйшөн Ирсалиев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, баш коргоо чарасы Д.Ирсалиевдин 20 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтуруунун негизинде өзгөртүлдү. Ал 2021-жылдын 6-майына чейин үй камагында болот.
Буга чейин сот УКМКнын СИЗОсунда камакта кармоо менен баш коргоо чарасын колдонуу мөөнөтүн 2021-жылдын 6-мартына чейин узарткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн