Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:19
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Дүйшөнбек Камчыбеков: “Сейрек кездешүүчү металлдар кенин иштетүүнү колго алышыбыз кажет”

26.02.2024 12:29
557
Дүйшөнбек Камчыбеков: “Сейрек кездешүүчү металлдар кенин иштетүүнү колго алышыбыз кажет”


Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков Кыргызстандагы сейрек кездешүүчү минералдар, элементтер тууралуу ой бөлүштү. Анын айтымында, полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү элементтерди казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу чечими учур талабы болуп турат.


- Биздин өлкөдө табылган сейрек кездешүүчү металлдар тууралуу ой бөлүшсөңүз? Бул тармакты да жөнгө салып, иштетүүнү колго алсак, балким өлкөбүздүн экономикасына чоң жылыштарды алып келмек?


- Бүгүн экономикалык шарттардан улам Кыргызстандагы кендердин баарын иштетүүгө муктажпыз. Мында экологиялык жактан жумуш туура жүрүшү кажет. Дүйнөлүк коомчулукта сейрек кездешүүчү металлдар, андан тышкары, полиметаллдарды иштетүүчү чоң жумуштар жүргүзүлүп жатат. Мисалы, сейрек кездешүүчү металлдардын ичинен бүгүнкү күндө Кыргызстанда толук кандуу изилденип жаткан Ак-Түз жергесиндеги Кутисай кенин айтсак болот. Республикада союздан бери толук кандуу изилденип, иштетилип жаткан Кутисай кени карьер болуп казылып, Орловкадагы комбинатка алып келинип, СССРден дүйнөгө тарачу. Бул жерде Дмитрий Менделеевдин таблицасында көрсөтүлгөн иттрий, тербий, диспрозий, неодим, самарий дүйнөлүк практикага, электроникага, космостук техникаларды чыгарууда эң керектүү материал болуп эсептелинет. Мен дагы учурунда Орловкадагы комбинатка өнөр жай министрлигинде иштеп турган учурда таанышуу иретинде баргам. Баардык жасалып жаткан иштер, Ак-Түздөгү карьерден тартып Орловкадагы комбинаттын ичи, кендин ишмердүүлүгү менен таанышып чыккам. Өндүрүлгөн продукциялардын чыгышына өзүм күбө болгом. Ошол өндүрүлгөн продукция 10-50 граммдап пакетке салынып, союз кезинде эле он миңдеген доллар турчу. Союз тараган соң иштете албай, экономикасына байланыштуу чыгымдарды эсептеп, анын кесепетинен Орловкадагы комбинат да өз ишмердигин токтотуп койду.


Муну бүгүнкү күндө Кыргызстанда жайгашкан сейрек кездешүүчү металлдар изилденип, толук кандуу иштетилип жаткан объекттин бирөөсү гана деп айтсак болот. Кыргызстандын аймагында Кутисайдан башка сейрек кездешүүчү металлдардын кени иштебейт. Анткен менен Чүйдүн Панфилов районунда, Жети-Өгүздө, Баткен облусунда кен табылган, бирок кээ бирлеринин кору абдан аз.


Союз тарап кеткенден кийин Япония, Корея өлкөлөрүнүн ишкерлери келип, Кутисай кени менен таанышып, иштетебиз деген аракеттер болуп келген. Жыйынтыгында ал иштер акырына чейин чыкпай калган. Кийин биз болжолдоп анализ кылып көргөн баамыбызда, мүмкүн ошол кезде жасалып жаткан өздөрүнүн дагы долбоорлору болгон. Балким Кыргызстанды атаандаш катары да көрүүлөрү мүмкүн эле. Азыркы күндө сейрек кездешүүчү металлдардын өзүнүн орду болуп турат. Андыктан иштеткенибиз эң туура.


- Дагы изилдөөлөр керекпи?


- Алгач өзүбүз изилдеп, кендердин ордун аныктап, бизнес-пландарды түзүп, анан инвестор тартуу маселесин кароо кажет. Ысык-Көлдүн Тоң районунда литийдин миңдеген тонна кору табылган. Баткен облусунда экономикага көп киреше алып келүүчү тантал металлы аныкталган. 1999-жылы изилдөөгө келген япон геологдору Тажикстандан кирип келген моджахеддер тарабынан туткунга алынып, ошону менен иш уланбай калган. Мындан тышкары, бизде рубиндин да үлгүлөрү бар. Убагында Жумгалда коргошун казылып, Орловкага алып келип эритилип, ошол жерден согушка октор даярдалган. Учурда коргошун иштеткен бир да кен жок. Азыр машина өндүрүү абдан өнүгүп жаткан маалда муну колго алуу керек. Ушуга чейин сырттан алып келип пайдаланабыз. Коргошун кени Кубакыда, Ат-Башыда бар. Муну менен катар цинк, вольфрам, олово, сымап, сурьма да табылат. Мамлекетте алтын менен күмүш эле эмес, бардык кендерге байланыштуу концепция болсо жакшы болот эле. Стратегиялык документ сөзсүз иштелип чыгышы керек. 2022-жылы тоо-кен өнөр жай тармагынан бардык салыктын түрү боюнча 48 миллиард сом түшкөн. 2023-жылдын жыйынтыгы менен эки эле салык боюнча 4 миллиард сом бюджетке киргенин айтышууда. Бирок айтылып жаткан Кызыл-Омпол кенинде 300 миллиард долларлык сейрек кездешүүчү металлдар бар деген маалымат туура эмес. Бүгүнкү күндө бизге кыргыз геология кызматы деген министрликтин алдындагы мекеме бар. Андан тышкары, “Кыргыз геология” деген атайын ишкана бар. Ошолордун маалыматтарына таянып, фонддогу материалдардын негизинде Кызыл-Омполдо канчалык сейрек кездешүүчү металлдар бар экени тууралуу туура, так маалымат берилиши шарт.


Жамиля Нурманбетова 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн