Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын башкармалыгынын президенти менен маек.
- Кытайдын Кыргызстандагы көмүр кендерин иштетүү пландары, долбоорлору боюнча адис катары кандай ойдосуз?
- Бүгүнкү күндө керектүү финансылык ресурстардын жоктугунан Кыргызстан өзү көмүр кендерин иштете албайт. Эксперттер тоо-кен өндүрүшү эмгекти жана капиталды көп талап кыларын дайыма айтышат. Ал эми бул долбоорлор сөзсүз түрдө ири финансылык ресурстарды тартат.
Кытай тарап онго жакын кенди иштетүүгө акча салганы жатат. Алардын тогуз объекти боюнча меморандумдары, дагы эки келишимдери бар. Мен өздөштүрүү каралып жаткан Ак-Улак кенине токтолгум келет. Ал жерге көмүр байытуу заводун куруунун кереги жок деп ойлойм. Кытайдын Шанси провинциясынан келип, Миң-Куштагы Ак-Улак көмүр кенинен жылына 1 миллион 200 миң тонна көмүр өндүрүүчү заводун куруу планы тууралуу маалымат бар. Ак-Улак бул эгемендүүлүк алгандан кийин кыска убакытта өнүккөн. Анан кыртыш ачуу иштери көбөйүп, суу пайда болуп, өндүрүш токтоп калган. Ал жактагы запасы 60 миллион тонна деп бааланат.
Эми ошол жерге завод куруп, өнүгө баштадык дейли. Менин оюмча, биз бул кенден запастардын максимум 20-30 пайызын ачык жол менен казып алуу жумуштарынын зор көлөмү менен иштете алабыз. Ал эми келечекте байытуу цехинин кубаттуулугун камсыз кылууда сөзсүз көйгөйлөр жаралат.
Миң-Куш айылы кысылган аймакта жайгашканын белгилеп айтсак болот. Ал жерде масштабдуу өнүгүү менен экологиялык маселелер жаралат. Мындан тышкары, айылдан Жумгал районунун борборун көздөй кууш жол жана Кара-Кече кени андан ары магистрал менен байланышат. Бул жол менен 1 миллион 200 миң тонна көмүрдү кантип ташышарын элестете албайм. Мен адис катары байытуучу заводду Ак-Улак кенине эмес, Кара-Кече кенинин жанына курууну сунуштайт элем. Карьерди ачык иштетүү үчүн көбүрөөк запастар (190 млн. тоннага жакын), горизонттордон төмөн (минималдуу 300-500 млн. тонна) бар. Көмүрдү Дыйкан айылына асма жол менен же конвейердик линия менен ташууга болот. Бул конуштун жанына Балычкы, Кочкор жана Кара-Кечени бириктирген темир жол куруу долбоору бар. Ал жерге завод куруп, көмүрдү иштетип, келечекте темир жол салсак, жолдорду сактап, көмүрдү коопсуз ташууга болот. Бул долбоор кыргыз тарап үчүн алда канча пайдалуу болмок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн