Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 13:55
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Дүйшөнбек Зилалиев кайрадан кармалды

16.03.2023 12:06
210
Дүйшөнбек Зилалиев кайрадан кармалды

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


Козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси З.Д.Т. кармалды.


З.Д.Т. 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып Б.Р. аттуу жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алганы аныкталды. Бирок, З.Д.Т. айтылган убадаларын аткарган жана алган акча каражаттарын кайтарып берген эмес. 


Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 15-мартында З.Д.Т. КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн