АКШнын жаңы шайланган президенти Джо Байденге Pfizer жана BioNTech компанияларынын америкалык-германиялык вакцинасы менен COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү. Видеону Washington Post гезити өзүнүн YouTube каналына жарыялаган.
Байден муну "адамдар вакцина пайда болору менен эмдөөгө даяр болуш керектигин көрсөтүү үчүн" жасап жаткандыгын айтты.
Джон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, 22-декабрга карата дүйнөдө коронавируска чалдыккан 77,3 миллион адам катталып, анын 18 миллиондон ашыгы АКШда аныкталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн