Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Джураев сотто Аспеков үчүн Дашковдон акча талап кылгандыгын четке какты

29.06.2021 16:54
1350
Джураев сотто Аспеков үчүн Дашковдон акча талап кылгандыгын четке какты


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда активист Мелис Аспековго каршы кылмыш иши боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат. Соттук отурумда "СпецПроектМонтаждын" башкы директорунун кеңешчиси Улан Джураев суракка алынды.


Өз кезегинде ал "Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашковдон Мелис Аспеков үчүн акча талап кылгандыгын четке каккан. Ал Дашковдон 250 миң доллар өлчөмүндө акча сурагандыгын белгилеген, бирок Аспеков үчүн эместигин айтты.


"Мен опузалап акча талап кылган жокмун. Бул темада Мелис Аспеков менен сүйлөшүү болгон эмес. Аспековдун кызыкчылыгы үчүн эмес, мен Дашковдон өзүмдүн акчамды талап кылдым", - деди Джураев.


Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын январь айында Мелис Аспеков менен Улан Джураев "Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашковдон опузалап 250 миң доллар талап кылууга шектелип кармалышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн