Кулжа 22, 2024
Убакыт: 02:22
USD
86.70
87.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.940
1.020

ЕАӨБ Кыргызстандагы эң ири күн электр станцияларынын биринин курулушун каржылайт

23.05.2024 09:21
525
ЕАӨБ Кыргызстандагы эң ири күн электр станцияларынын биринин курулушун каржылайт


Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы эң ири күн электр станцияларынын биринин курулушун каржылайт. Бул тууралуу банктын сайтында жазылган.


Кеп Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылындагы кубаттуулугу 300 мегаватка жеткен станция жөнүндө болуп жатат. Евразия өнүктүрүү банкы 15 жылга 210 миллион долларга чейин каражат бөлмөкчү. Объектини ишке киргизүү 2025-жылдын аягына пландаштырылды.


Банктын башкаруучу директору Денис Ильин долбоор Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун жогорулатып, электр станция эл аралык экологиялык жана техникалык стандарттарга жооп берерин белгилеген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн