2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджетке Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдөн 11,3 миллиард сом импорттук бажы алымдары түшкөн. Бул тууралуу Кыргызстандын Финансы министрлигинин бюджеттин аткарылышы боюнча маалыматында айтылган.
Былтыр бул көрсөткүч 7,5 миллиард сомду түзгөн. Бул быйылкы жылы төлөмдөр 1,5 эсеге өстү дегенди билдирет.
Эске салсак, Кыргызстан биримдикте чогултулган бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасынын 1,9 пайызын алат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн