Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 00:15
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен республикалык бюджет Кыргызстанда гана профицит менен аткарылды

27.05.2024 17:34
639
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен республикалык бюджет Кыргызстанда гана профицит менен аткарылды


Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен республикалык бюджет Кыргызстанда гана профицит менен аткарылды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.


Өлкөлөр боюнча маалыматтар:

* Армения: биринчи кварталда бюджеттин кирешелери — 525 миллиард, чыгашалар — 525,9 миллиард, тартыштык 0,9 миллиард драмды түздү;

* Казакстан: кирешеси — 4 триллион 300,1 миллиард, чыгашасы 5 триллион 331,8 миллиард теңгеге бааланган. Ошентип дефицит триллион теңгеден ашты;

* Кыргызстан: кирешелер — 80,1 миллиард, чыгашалар – 74,3 миллиард, профицит 5,8 миллиард сомду түздү;

* Россия: биринчи кварталда кирешеси — 8 триллион 721,6 миллиард, чыгашасы 9 триллион 17 миллиард рубль болуп, тартыштык 295,3 миллиард рублди түздү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн