Кулжа 26, 2024
Убакыт: 10:36
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

ЕАЭБде Кыргызстандын 66 гана ишканасы айыл чарба өнүмдөрүн экспорттой алды, - К.Боронов

17.03.2020 10:56
848
ЕАЭБде Кыргызстандын 66 гана ишканасы айыл чарба өнүмдөрүн экспорттой алды, - К.Боронов


Өткөн жылы ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын 66 ишканасы гана айыл чарба өнүмдөрүн экспорттой алды. Азыр ал тизмеге дагы 36 ишкана кошулуп, ушу тапта 102 компания өз өнүмдөрүн сыртка алып чыгууда. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.


Анын айтымында, 2019-жылы ирригация тармагын курууга жана оңдоп-түзүүгө 1 млрд сомдон ашуун каражат каралган: республикалык бюджеттен – 550 млн сом, капиталдык салымдардан – 671 млн сом. 


"Ошентип, өткөн жылы сугат суусунун тартыштыгы Чүй облусунан башка аймактарда анчалык сезилген жок. Суу көлөмүнүн аздыгына байланыштуу Чүй аймагында сугат суусу каат болду», - деп кошумчалады Кубатбек Боронов.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн