Бугу 05, 2024
Убакыт: 18:43
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

ЕАЭБдеги эт импортунун келерки жылдагы квотасы аныкталды

23.08.2023 09:03
652
ЕАЭБдеги эт импортунун келерки жылдагы квотасы аныкталды


Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясы келерки жылы ЕАЭБде эттин бир катар түрүнө жана сүттүн сары суусуна тарифтик квоталарды белгилөө жана бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул туурасында аталган комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.


Божомолдорго таянсак, быйыл канаттуунун, уйдун, чочконун эти жана сүттүн сары суусу арбын өндүрүлгөн. ДСУга кирүү жөнүндө протоколдордо белгиленген Армения, Беларусь жана Кыргызстан үчүн суралган көлөмдөрдү эсепке алып, өндүрүш менен керектөөнүн айырмасынын чегинде Казакстан жана Россия үчүн 2024-жылдагы көлөм аныкталды.


Кыргызстанга берилген квота:

- Кара малдын эти — 5 миң тонна;

- Чочконун эти — 2 миң тонна;

- Эт жана тооктун ич эти — 58 миң тонна.


Белгилей кетсек, сүттүн сары суусуна квота Армения, Россияга гана каралган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн