Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЕАЭБдин аймагында бажы алымысыз өткөрүлгөн товардын көлөмү 1000 еврого көтөрүлдү

18.03.2022 14:12
844
ЕАЭБдин аймагында бажы алымысыз өткөрүлгөн товардын көлөмү 1000 еврого көтөрүлдү


Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагында бажы алымысыз өткөрүлгөн товардын көлөмү 1000 еврого көтөрүлдү. Бул тууралуу Sputnikмаалымдады.

2020-жылдын 1-мартынан тарта жарандардын жеке өзүнүн муктаждыгы үчүн алган товарды бажы алымысыз өткөрүү лимитинин босогосу 200 евро деп бекитилген.

Евразиялык экономикалык комиссиянын расмий өкүлү Ия Малкина отурумдун жыйынтыгы боюнча брифингде аталган лимит 2022-жылдын 1-октябрына чейин убактылуу көтөрүлгөндүгүн билдирген.

Бул товарлардын таңсыктыгынан алыс болуу үчүн жана өзүнүн муктаждыгынан улам чет өлкөдөн интернет-дүкөндөр аркылуу буюртма берген жарандарды колдоо максатында жасалган кадам экени айтылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн