Биринчи жарым жылдыкта Евразия экономикалык бирикмесине мүчө-мамлекеттердин бардыгында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2,8 пайызга өстү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.
Маалымат өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырып алынган.
Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү ЕАЭБде канчага жогорулады:
- Беларусь – 6 пайызга;
- Казакстан – 3,8 пайызга;
- Россия – 2,6 пайызга;
- Армения – 1 пайызга;
- Кыргызстан – 0,4 пайызга.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн