Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 07:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ЕАЭБдин үч өлкөсү саламаттык сактоо тармагында биргелешкен платформа түзүүдө

29.05.2024 16:54
161
ЕАЭБдин үч өлкөсү саламаттык сактоо тармагында биргелешкен платформа түзүүдө


Россия, Кыргызстан жана Казакстан саламаттык сактоо тармагында долбоор иштеп чыгууда. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын санариптик демилгелер дирекциясынын директору Александр Петров Sputnik агенттигине билдирди.


Анын айтымында, эл аралык реабилитациялык Attilan платформасын эки жылдын ичинде ишке берүү пландалууда.


"Долбоор жөнөкөй эмес. Ал бейтаптарга, анын ичинде майыптыгы барларга да экосистема түзүүгө багытталган. Демилгени Россия, Кыргызстан, Казакстан биргелешип ишке ашырат. Долбоорго кайрымдуулук фонддору, дарыгерлер, реабилитациялык борборлор катышып, ал аркылуу бейтаптар татаал протездерди же коляскаларды таба алышат. Платформаны эки жылдын ичинде ишке киргизүү пландалууда. Долбоор ЕАЭБден тыш да жайылат деп ишенебиз", — деди Петров.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Экосистема дегени кызык экен
Экосистема дегени кызык экен