Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЕАЭБдин видео форматындагы саммитинен фоторепортаж

20.05.2020 08:22
961
ЕАЭБдин видео форматындагы саммитинен фоторепортаж


Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 19-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышты.

Сооронбай Жээнбеков анда посткризистик өнүгүүнү эске алуу менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикаларын жана бизнесин колдоонун биргелешкен чараларын кабыл алуу боюнча ишти активдештирүүнү сунуштады жана учурдагы оңой эмес мезгилде Биримдиктин башка өлкөлөрдөгү жарандарына колдоо көрсөтүүнүн маанисине токтолду.

Мамлекет башчысы посткризистик мезгилде күтүлүп жаткан терс тенденцияларда түзөтүүлөрдү киргизүү жана актуалдаштырууну эске алуу менен «Евразиялык интеграцияны 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары» долбоорун жеткире иштеп чыгуу керектигин айтты.

Президент ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын ролун күчөтүүнү жактап, ички рыноктогу тоскоолдуктарды жоюу боюнча тапшырмаларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн комиссиянын жана ЕАЭБ Сотунун ыйгарым укуктарын күчөтүү керектигин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков өтө жай ишке ашырылып жаткан ЕАЭБдин Санариптештирүү күн тартибин кызматташуунун маанилүү аспектиси деп атады. Өндүрүштүк кызматташтыкты санариптештирүү, товарлардын санариптик көзөмөлүн түзүү, электрондук эмгек биржасы, ошондой эле санарип транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан демилгелер дагы деле ишке ашырылбай жатканына көңүл бурду.

Жыйындын соңунда Биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн евразиялык интеграциясын мындан ары да тереңдетүүгө багытталган бир катар документтер кабыл алынды:

Кеңешке Беларусиянын, Казакстандын, Россиянын президенттери жана Армениянын премьер-министри ЖЕЭК мүчөлөрү болуп саналат.

ЖЕЭК жыйынына ошондой эле байкоочу өлкөнүн башчысы катары Молдованын президенти катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн