Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЕАЭБдин видеоконференциясында газ жеткирүү баасын кароону чечишти

23.04.2020 19:32
855
ЕАЭБдин видеоконференциясында газ жеткирүү баасын кароону чечишти


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев видеоконференция режиминде өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз жыйынына катышты, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Жыйындын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктаган документтин долбоорун талкуулашты.

Документ жалпы (концептуалдык) жоболордон жана интеграциялык биримдиктин ишмердүүлүгүнүн багыттары боюнча 11 системалык блокко топтоштурулган чаралардын жана механизмдердин тизмесинен (330 позиция) турат.

Чаралардын жана механизмдердин тизмеси иш-аракеттердин планы – ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин интеграциясын мындан аркы өнүктүрүүнүн «Жол картасы» болуп саналат. Аны аткаруу 13 эл аралык келишимди, 60тан ашуун ЕАЭБ ченемдик-укуктук актыларын, Биримдик жөнүндө келишимге, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына 25тей өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү иштеп чыгуу жана кол коюу камтылган. 

Жыйындын жыйынтыгында 2020-жылдын 19-майында Жогорку Евразия экономикалык кеңешин өткөрүүгө чейин газ жеткирүүнүн баасын түзүү боюнча маселени кайра кароо чечими кабыл алынды.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 2020-жылдын июль айынын экинчи декадасында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн