Бугу 20, 2024
Убакыт: 08:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Асрандиев өзгөчө абал кирген аймактарда кимдердин жумушу токтотулбасын айтты

26.03.2020 14:23
929
Асрандиев өзгөчө абал кирген аймактарда кимдердин жумушу токтотулбасын айтты


Өзгөчө абал кирген аймактарда элдин социалдык жашоосун камсыз кылуучу айрым ишкана-мекемелердин иш алып баруусуна уруксат берилет. Мындай маалыматты вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүн, 26-мартта маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, оор жүк ташууга жана тамак-аш товарларын ташып келүүгө жана аны жүзөгө ашыруу иштерин аткарган ишканаларга жана ишкерлерге, медициналык каражаттарды, дары-дармектерди ташуу жана сатууну ишке ашыруучу мекемелерге штаттык режимде иштөөгө уруксат берилди.


Күйүүчү-майлоочу майларды ташуучуларга, газ, жылуулук, электр энергесиясы менен камсыз кылуучу мекемелерге уруксат берилет.


Ошондой эле Улуттук банкка коммерциялык банктардын, акча алмаштыруу жайларынын штаттык режимде иштерин улантуусун тапшырдык, деди Э.Асрандиев.


Мындан тышкары, жеке күзөт кызматкерлери ири компанияларды кайтаруу ишмердүүлүгүнө уруксат берилет.  

Бажы тармагында, коммуналдык иш-чараларды жүзөгө ашырган ишканалардын: байланыш операторлору, телеканал жана башка компаниялар өз иштерин уланта бермекчи. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн