Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 17:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Э.Асрандиев сырттан келген 148 млн доллардын сарпталышы тууралуу айтып берди

22.07.2020 17:06
1126
Э.Асрандиев сырттан келген 148 млн доллардын сарпталышы тууралуу айтып берди


Сырттан келген 148 млн доллар каражат учурда Улуттук банктын эсебинде турат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 22-июлдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, бул каражаттарды кайрадан төлөөгө жеңил болуш үчүн алгач экономиканы кайра жандандырууга жана ишкердикти колдоого жумшалары пландалууда. 


"Сырттан келген 148 млн доллар каражат учурда Улуттук банктын эсебинде турат, ал сумманын 121 млн доллары – Эл аралык валюта фондунун экинчи траншы. Бул жардамдын 80 млн доллары – 5 жылга, 40 млн доллары 10 жыл мөөнөткө карызга берилгендиктен, биз бул каражаттарды кайрадан төлөөгө жеңил болуш үчүн алгач экономиканы кайра жандандырууга жана ишкердикти колдоого жумшалары пландалууда. Андан сырткары, коронавирус илдети менен күрөшүүгө муктаждыктар болсо ошол жакка дагы сарпталат”, - деди Эркин Асрандиев



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн