Бугу 09, 2024
Убакыт: 02:55
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Э.Асрандиев сырттан келген 207 млн доллардын сарпталышы тууралуу айтып берди

09.09.2020 17:19
1071
Э.Асрандиев сырттан келген 207 млн доллардын сарпталышы тууралуу айтып берди


Бүгүнкү күнгө чейин сырттан келген булактардан Кыргызстанга 338 млн доллар келип түштү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 9-сентябрдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, сырттан келген жардамдын 207 млн доллары сарпталды. 


"Калган 131 млн доллар сумма Улуттук банктын эсебинде турат. Аталган 207 млн доллар пандемия менен күрөшүүгө байланышкан чыгашаларга жумшалган. Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министрлигинин, өзгөчө кырдаал министрлигинин чыгашалары, андан сырткары, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча, анын ичинде буудай унун сатып алууга, пандемия учурунда убактылуу жумушсуз калган үй-бүлөлөргө азык-түлүк пакеттери берилген”, - деп билдирди Эркин Асрандиев. 


Анын айтымында, пандемия учурундагы 6-7 ай ичинде бюджетте чоң жоготуулар болгон жана ага карабастан пенсия, жөлөк пул төлөмдөрү жана бюджеттик тармакта иштеген кызматкерлердин айлык акылары өз убагында үзгүлтүксүз берилген.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн