Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 11:54
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

ЕЭФ: Россияда сом менен алмашуу операцияларын жүргүзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды

26.05.2022 16:13
868
ЕЭФ: Россияда сом менен алмашуу операцияларын жүргүзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды

Евразиялык форумдун катышуучулары Россияда сом менен алмашуу операцияларын жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.


Бүгүн Евразия экономикалык форумунун алкагында “ЕАЭБ мейкиндигинде интеграцияланган валюта рыногун түзүүнүн практикалык аспектилери” сессиясынын катышуучулары россиялык банктарга кыргыз сомун алмашуу операцияларына киргизүү сунушу боюнча маселе көтөрүштү.


Кыргызстандын Банктар биримдигинин жетекчиси Анвар Абдраев белгилегендей, ага Россияда иштеген кыргызстандыктар кайрылышкан.


“Алар Россиядагы акча алмаштыруучу жайлардан, банктардан теңге, беларусь рубли, армян драмын тапса болот, бирок сом жок экенин айтышты. Кеп ЕАЭБде улуттук валютада эсептешүүлөрдү көбөйтүү жөнүндө болуп жатканын эске алсак, башка валюталар менен катар Россиянын банктарында сом да пайда болсо туура болмок, - деди ал.


Өз кезегинде сессиянын модератору Александр Мурычев идеяны колдоп, бул сунушту Евразиялык экономикалык форумдун сессиясынын резолюциясында бекитүүнү сунуштады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн