Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 02:05
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Садыр Жапаровду куттуктады

20.10.2020 18:12
363
ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Садыр Жапаровду куттуктады


Евразия эконимикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Куттуктоо тексти төмөндөгүдөй:

«Урматтуу Садыр Нуркожоевич! Сизди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңыз менен куттуктайм.

Премьер-министрлик ишмердүүлүгүңүз интеграциялык процесстердин туруктуу динамикасын камсыз кылууга жана Евразия экономикалык бирлигине кирген мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенем.

Евразия экономикалык комиссиясы өз кезегинде өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү аракеттериңизге жардам берет. Сизге жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн жасап жаткан ишиңиздерге ийгилик  каалайм»

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн