Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЕККУ Баңгилик менен күрөшүү кызматына химиялык реагенттерди жана жабдыктарды тапшырды (фото)

25.06.2020 20:16
1027
ЕККУ Баңгилик менен күрөшүү кызматына химиялык реагенттерди жана жабдыктарды тапшырды (фото)


Бүгүн, 25-июнда Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына баңгизаттарды изилдөөгө арналган химиялык реагенттерди жана жабдыктарды тапшыруу иш-чарасы өттү.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов ЕККУ кеңсесине ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу кызматташтык көп жылдардан бери уланып жаткандыгын белгиледи.


Бүгүн тапшырылып жаткан химиялык реагенттер менен жабдыктар криминалистикалык экспертизаларды натыйжалуу жүргүзүүгө жардам берет. Ошондуктан бул Кыргызстандын гана аймагында гана эмес, бүткүл региондордо дагы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштуулуктун жаңы заманбап түрү менен күрөшүүдөгү негизги чаралардын бири болот”, - деди ал.


ЕККУ кеңсесинин аскердик саясат департаментинин жетекчиси Александр Елисеев жолугуушунун жүрүшүндө Ички иштер министрлигин өнүктүрүү үчүн ар тараптан колдоо көрсөтүп жаткандыгын белгиледи.


Тапшыруу аземинде жаңы алынган жабдыктарга кыскача техникалык мүнөздөмө берилди. Андан кийин коноктор Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышып, химиялык лабораторияны, компьютердик классты, тир жана спорттук залды көрсөтүштү. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн