Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЕККУ Баткен облусуна коргонуучу каражаттарды тапшырды

04.08.2020 09:27
1005
ЕККУ Баткен облусуна коргонуучу каражаттарды тапшырды



Европа  коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги кеңсеси Баткен облусуна коронавирус илдетинен коргонуучу каражаттарды тапшырды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын басма сөз кызматы билдирди.

Коргонуучу каражаттар комбинезон, бет кап, кол кап, көз айнектерден турат.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов ЕККУнун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, аталган уюм Баткен облусунун ар тараптуу өнүгүүсүнө жана жаралган муктаждыктарды жеңилдетүүгө ар дайым кол сунган ишенимдүү өнөктөш экенин белгиледи.

Коргонуучу каражаттар Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координаторуна тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн