ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы ЧВК “Вагнер” Евгений Пригожин боюнча резолюцияны жактырды. Уюмдун сайтында жарыяланган документте ал террордук уюм экени айтылат.
Белгиленгендей, ЧВК “Вагнер” ишмердүүлүгү Орусия мамлекети тарабынан каржыланган. «Бул “Вагнер” тобунун чет өлкөдөгү аракеттери үчүн орус мамлекети жооп берет дегенди билдирет», - деп айтылат документте.
ЕККУ ПА ошондой эле Беларусту ЧВК “Вагнерди” колдогону жана анын аймагында жалданма аскер базасын курууга уруксат бергени үчүн айыптады, бул «Балтика өлкөлөрүнүн коопсуздугуна коркунуч келтирет», - деди уюм.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн