Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 06:44
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ЕККУ кеңсеси ИИМге авто унааларды жана жабдыктарды тапшырды (фото)

05.08.2020 13:05
975
ЕККУ кеңсеси ИИМге авто унааларды жана жабдыктарды тапшырды (фото)


Бүгүн, 5-август күнү Ички иштер министрлигине ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан автоунааларды жана башка жабдыктарды тапшыруу аземи болуп өттү, деп маалымдады министрликтин басма сөз кызматы.


ИИМ жаңы заманбап атайлаштырылган автоунааларды алды. Аталган иш-чарага ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Алмаз Орозалиев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Сергей Сизов, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин кеңешчиси Шамшыбек Мамыров катышты.


Алмаз Орозалиев ЕККУнун материалдык-техникалык базаны бекемдөөгө кошуп жаткан салымдары үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Долбоордун алкагында тапшырылып жаткан кезектеги автоунаалар менен жабдыктар коомдук тартипти жана инсандын коопсуздугун сактоо, укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө пайдаланылып, натыйжалуу жана максаттуу түрдө кылмыштуулук менен күрөшүүгө шарт түзөт.


Ал эми Сергей Сизов укук коргоо ишмердүүлүгүн колдоого жана мындан ары дагы кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендеги белгиленди.


Ички иштер министрлигине “ГАЗ 3302-1450” үлгүсүндөгү эки автоунаа (кармалган адамдарды ташуу үчүн транспорттук каражат), “Соболь Газ” үлгүсүндөгү үч кичи автобус (милициянын көчмө кабылдамасы) жана башка зарыл болгон жабдыктар тапшырылды. Жаңы автотранспорт каражаттар ИИОнун аймактык бөлүктөрүнө жөнөтүлүп, коомдук тартипти камсыздоо боюнча тапшырмаларды аткарууда натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Автотранспорттор заманбап жабдыктар менен камсыздалган.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн