Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЕККУ коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга 100 миң доллар берет

11.04.2020 16:06
1002
ЕККУ коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга 100 миң доллар берет


Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга 100 миң доллар берет. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирет.


Маалыматка ылайык, Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси COVID-19 инфекциясынын жайылышына каршы жана коргоо иш-аракеттерин жүргүзүү максатында, алдыңкы орунда иштеген мамлекеттик кызматчыларга жана ыктыярчыларга коргоочу жабдууларды сатып алууга 100 миң доллар бөлүп берет.


Маалыматка таянсак, ал каражаттарга бир жолку медициналык комбинезондор, N95 респиратордук беткаптар, мээлей, коргоочу көз айнектер, термометрлер жана башка биринчи зарыл болгон каражаттар алынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн