Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЕККУ милициянын көчмө кабылдамасы үчүн коргонуу каражаттарын берди

20.04.2020 17:52
936
ЕККУ милициянын көчмө кабылдамасы үчүн коргонуу каражаттарын берди


Бүгүн, 20-апрелде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси ИИМге милициянын көчмө кабылдамасы үчүн республиканын аймагында коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон медициналык коргонуучу каражаттарды тапшырды.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, азыркы учурда милициянын көчмө кабылдамалары  аймактардын көчөлөрүндө жана коомдук жайларда, өзгөчө абал режиминин эрежелерин сактоос боюнча кайгуул уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.


Бүгүнкү күндө, милициянын көчмө кабылдамалары радио байланыш, милиция кызматкерлерине атайын отургуч, видеокөзөмөлдөө каражаттары жана GPSке кошулган компьютерлер менен жабдылган атайын автоунаа булуп саналат.


Мындай мобилдүү милиция кезмети, коомдук жайларда, көчөлөрдө, өзгөчө алыскы аймактарда, ички иштер органдарынын административдик имаратынан алыс жайгашкан жерлерде кызмат өтөөгө багытталган. Милиция кызматкерлери жарандарга бардык маселелер боюнча укук бузууларга бөгөт коюуга бардык күчүн жумшоого даяр.


ИИОнун кызматкерлери, жеринде арыздарды жана кайрылууларды кабыл алып, ошону менен бирге элди укуктук жактан, мыйзамдардын талаптарын маалымдоо максаттары коюлууда. Муну менен бирге, жарандардын милицияга болгон ишенимин арттыруу максаты турат.


2018-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсеси, Талас жана Нарын облустарына 4 жаңы «Volkswagen Transporter» үлгүсүндөгү авто унааларын милициянын көчмө кабылдамаларына иштөөсүнө беришкен. Ал эми 2019-жылы өз ара кызматташуунун алкагында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматына жана анын Чүй, Ысык-Көл, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы түзүм бөлүмдөрүнө «Toyota Hiace» үлгүсүнөгү 6 автоунаа белекке беришкен.


Бул автоунаа каражаттары максаттуу пайдалануу үчүн, ИИМдин буйругу менен “Милиция көчмө кабылдамалары жөнүндө жобосу” бекитилген. ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматына караштуу милициянын көчмө кабылдамасынын жүрүүсүн көзөмөлдөө боюнча атайын борбор түзүлгөн, алар милициянын көчмө кабылдамаларынын маршруттук жолдорун он-лайн режиминде көзөмөлдөө жүргүзүшөт


Азыркы учурда, өлкө боюнча 30 милициянын көчмө кабылдамасы иштейт. Ай сайын, алардын аймактарга чыгуусу боюнча ИИОнун жергиликтүү бөлүмдөрүнүн жетекчилиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилүүчү атайын график түзүлөт.


2019-жыл ичинде өлкө боюнча 3112 жолу аймактарга чыгуу жүргүзүлдү, 8240 жаран кабыл алынды, 2951 кайрылуулар жана арыздар каралып чыкты.


2020-жылдын март жана апрель айында коронавирус илдетин алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүүгө ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси ар бир унаага 400 литрден күйүүчү май бөлүп берди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн