Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 18:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

ЕККУнун Жаӊжалдарды алдын алуу борборунун директору иш сапары менен Кыргызстанда болду

22.07.2022 16:00
479
ЕККУнун Жаӊжалдарды алдын алуу борборунун директору иш сапары менен Кыргызстанда болду


ЕККУнун Жаӊжалдарды алдын алуу боюнча борборунун (ЖАБ) директору, ЕККУнун катчылыгынын башчысынын орун басары, элчи Туула Юрьёля иш сапары менен Кыргызстанда болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Туула Юрьёля Кыргызстанга ЕККУнун Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү талаа миссияларынын башчыларынын Бишкек шаарындагы аймактык жолугушуусуна катышуу максатында келген.

Иш сапарынын алкагында ЖАБдын директору Т.Юрьёлянын Акыйкатчы А.Абдрахматова, КР президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Т.Масадыков жана КР Тышкы иштер министринин орун басары Д.Кемелова менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министрдин орун басары Д.Кемелова ЕККУнун Кыргызстанда өлкө өкмөтүнүн демократияны чыңдоо, социалдык-экономикалык өнүгүү жана коопсуздукту камсыз кылуу, өндүрүштү жана ишкердикти колдоо боюнча күч-аракеттерин колдоого багытталган жигердүү ишмердүүлүгүн белгиледи.

ЕККУ менен экономикалык-экологиялык өлчөө жана жакырчылык менен күрөшүүгө, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга, өлкөнүн региондорун өнүктүрүүгө багытталган социалдык-экономикалык мүнөздөгү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти күчөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

ЕККУнун Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү талаа миссияларынын башчыларынын аймактык жолугушуусунда Д.Кемелова өз сөзүндө үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусу өткөрүлгөндүгү жөнүндө маалымдап, өткөн саммиттин региондогу өлкөлөрдүн коопсуз жана туруктуу өнүгүүсү үчүн гана эмес, ЕККУнун бүтүндөй аймагы үчүн да маанилүү экендигин белгиледи.

ЕККУ Борборунун директору Т.Юрьёля Ысык-Көлдөгү кезектеги Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусу анын натыйжасы болгон Кыргызстандын аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча аракеттерине оң баа берди.

ЕККУ Кыргызстанга жана Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүнө туруктуу өнүгүүнү, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда мындан ары колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин тастыктады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн