Бүгүн, 16-январдагы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “2022-жылдын 8-июлунда Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов белгилегендей, аталган долбоордун максаты - Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорундагы Араван- Ак-Буура каналын модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча курулуш иштеринин аткаруу.
“Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 21 миң гектарга жакын аянтын суу менен камсыздалышы жакшырат. Мерчемделген иштерди ашыруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы суммасы 17 870 000 евро болгон каражат бөлүнүп берилет, анын ичинде кредиттик келишимге ылайык – 14 130 000 евро, Гранттык макулдашууга ылайык – 3 740 000 евро”, - деди.
Баяндамачы, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, кредиттик каражаттар 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөткө жана өзгөрүлмө пайыздык чен менен берилерин кошумчалады.
Талкуу маалында комитет мүчөлөрү ирригациялык тармакты өнүктүрүүнүн, суу менен камсыздоо маселелердин маанилүүлүгүнө көңүл буруп, бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары, депутаттар өзгөрүлмө пайыздык ченди орнотуудан күмөн санап, бул чендин кескин жогорулашына жол бербөө үчүн келишимди болжолдуу маалыматтарды эске алуу менен бекитүүнү сунушташты.
Талкуудан соң аталган мыйзам долбоорун кароо комитеттин кийинки отурумуна жылдырылып, демилгечилерге мыйзам долбооруна жетишпей жаткан материалдарды толуктоо боюнча сунуштар берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн