Дайыма кубанып жүрүш керек. Эгер кубаныч түгөнүп калса, “кайсы жерден ката кетирдим?” деп ойлон.
(Лев Толстой)
Эгер күндүз жакшы иштерди жасаган болсоң, кечинде дайыма сүйүнөсүң.
(Фома Кемпийский)
Кубаныч – бул даанышмандыктын өзгөчө түрү.
(Николай Рерих)
Кубанычты күтүү да кубаныч.
(Готхольд Эфраим Лессинг)
Уурулуктун кубанычы бар, өзүн өзү курмандыкка чалуунун да кубанычы бар.
(Бхакти Судхир Госвами)
Кайгыны жалгыз тартсаң болот, бирок кубанычты толук сезиш үчүн аны башка бирөө менен бөлүшүш керек.
(Марк Твен)
Кубаныч – бул күнүмдүк турмуш кумунун арасынан табылчу асыл таш.
(Сергей Есенин)
Кубаныч – бул жашоонун караңгы күндөрүндөгү жарык.
(Иван Бунин)
Кубаныч – бул биз өзүбүзгө өзүбүз бере алчу белек.
(Жорж Санд)
Кубаныч – бул жандүйнөңдө ачылчу гүл.
(Иван Айвазовский)
Бактысыз досуна баарынын эле боору ооруйт, бирок досунун ийгилигине аз гана адам кубана алат.
(Оскар Уайлд)
Кубаныч – бул адам өзүн куштун канатындай жеңил сезген көз ирмем.
(Андрей Белый)
Кубаныч түгөнгөн кезде адам өлөт.
(Дмитрий Емец)
Кубаныч жөнөкөй эле нерсе, бирок ал үчүн өтө кымбат акы төлөөгө туура келет.
(Федор Достоевский)
Кубаныч – ички дүйнө менен сырткы дүйнөнүн ортосундагы гармония.
(Чарльз Дикенс)
Кичинекей кубанычтар чоң кубанычка караганда да маанилүү.
(Рэй Бредбери)
Кубаныч натыйжада эмес, процессте пайда болот.
(Джеймс Дин)
Бирөөнүн кубанычы бизди дайыма азапка салат.
(Микеланджело Буонарроти)
Кайгы жалгыз келбейт, кубаныч да жалгыз келбейт.
(Клайв Стейплз Льюис)
Бала күндөгү кубаныч эч качан унутулбайт.
(Мария Семенова)
Кубанычтын баары кызгалдак сыяктуу: колуң тийсе эле желеси күбүлүп түшөт.
(Шарлотта Бронте)
Кубанычтын алтын кушу күтүүсүз жерден учуп келет.
(Константин Бальмонт)
Чоң нерселерди мелжеп, бирок майда кубанычтардан ырахат алыш керек.
(Г.Джексон Браун)
Дене ооруп, бир күнү жок болуш үчүн жаратылган. Ал эми жандүйнө болсо түбөлүк кубанычка толгон идиш.
(Григорий Саввич Сковорода)
Эгер жашоо сага чоң кубаныч болуп сезилбесе, анда сенин аң-сезимиң туура эмес.
(Лев Николаевич Толстой)
Кээде күлгөндөн да жүрөк ооруп калат, кубанычтын артынан кайгы келет.
(Сулайман падыша)
Кээде бизди чоң кубанычка караганда, кичинекей кайгы көбүрөөк бакытка бөлөйт.
(Кристина Кашкан)
Эч качан бактысыз адамдын алдында өзүңдүн кубанычыңды көрсөтпө. Атүгүл ал сенин душманың болсо дагы.
(Джордж Вашингтон)
Эгер чыныгы кубанычты көргүң келсе, анда агарып аткан таңды тос.
(Марина Гуржий)
Арак кубаныч да, кайгы да алып келет. Бирок, анын кубанычы – жалган, кайгысы – чын.
(Александр Мельников)
Ар бир адамда сүрөткердин жандүйнөсү болуп, ар бир адам эмгегинен ырахат алганда гана дүйнө бактылуу болот.
(Огюст Роден)
Изденүү жолунда азап-тозоктон коркпо – бир күнү алар кубанычка айланат.
(Хафиз Ширази)
Мамат Сабыров
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн